Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:44

Казакстандын соода министри Орусияга кош багыттагы товарлар жеткирилип жатканын ырастады


Казакстандын өкмөт башчысынын орун басары, соода жана интеграция министри Серик Жумангарин. Астана. 19-октябрь, 2022-жыл.
Казакстандын өкмөт башчысынын орун басары, соода жана интеграция министри Серик Жумангарин. Астана. 19-октябрь, 2022-жыл.

Казакстандын өкмөт башчысынын орун басары, соода жана интеграция министри Серик Жумангарин өз өлкөсүнүн Орусияга кош багыттагы товарлар жеткирилип жатканын моюнуна алды.

"Санкциялардын башында алар (Санкциялар боюнча Батыш мамлекеттеринин өкүлдөрү-ред.) чектөөлөргө илинген жети миң товардын тизмесин берген. Башкача айтканда, бул биздин толук эле соода жүгүртүүбүз. Алар менен сүйлөшүүдө "мунун баарын блоктоо же көз салып туруу мүмкүн эместигин айтканбыз", - деди Жумангарин "Азаттыктын" казак кызматына.

АКШнын каржы министринин жардамчысы, Евробиримдиктин атайын өкүлү менен сүйлөшүүдө бул тизмени кыскартуу сунушу берилгенин кошумчалады.

Жыйынтыгында Украинада жарактан чыккан орус аскердик техникасында табылган тетиктердин негизинде жаңы тизме түзүлгөн. Жамангарин азыр 104 товардын түрү бар экенин, алардын үстүнөн иштеп жатканын билдирди.

Өткөн аптада "Азаттык" радиосу казакстандык жана кыргызстандык компаниялар санкцияларды буйтап өтүп Орусияга эки багытта колдонулчу товарларды жеткирип жатканы тууралуу иликтөө жарыялаган.

Буга чейин казак бийлиги Орусияга кош багыттагы товарлар реэкспорт болуп жатканын четке кагып келген. Өкмөт жана президент Касым-Жомарт Токаев Астана Москвага санкцияларды айланып өтүүгө жардам бербегенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG