Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:47

Ысык-Көлдө "Жылдыздуу жээк" поэзия фестивалы өтөт


Чыныбай Турсунбеков атындагы фонддун чыгарган буклетинен.
Чыныбай Турсунбеков атындагы фонддун чыгарган буклетинен.

29-июнь - 2-июль күндөрү Ысык-Көл жээгиндеги “Акун Ысык-Көл” пансионатында "Жылдыздуу жээк - 2023" поэзия фестивалы өтөт. Бул тууралуу Чыныбай Турсунбеков атындагы фонддон кабарлашты.

Анын алкагында акын, мамлекеттик жана коомдук ишмер, маркум Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлык үчүн акындар арасындагы сынактын жеңүүчүлөрү аныкталат.

Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыкка 18 - 45 жаштагы 113 акын катышты жана калыстар тобу тарабынан беш акын финалист деп аныкталды. Конкурстук чыгармалар 15-марттан 15-майга чейин кабыл алынган.

Уюштуруу комитетине келип тушкөн чыгармаларды калыс баалоо үчүн алардын авторлорунун ысымдары жашырылып, атайын номер менен каралды.

Ошону менен катар "Мен дүйнөгө баланын көзү менен карайм" аттуу эссе жазуунун финалистери да белгилүү болду. Алар Алтынбекова Айтолкун, Адилбек уулу Жетиген, Нурланов Арлен, Маматибраимов Сезимбек, Жолболдиева Айпери жана Талантбекова Ишенгүл. Фонд уюштурган эссе жазуу сынагына өлкөнүн булуң-бурчунан 14 жаштан 20 жашка чейинки 111 улан-кыз катышып, алардын арасынан мыкты делген жогорудагы 6 финалист аныкталды.

Калыстар тобуна Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Акбар Рыскулов төрагалык кылат, анын курамында акындар Бурулкан Сарыгулова, Атантай Акбаров, адабиятчылар Болотбек Таштаналиев, Аскар Медетов бар.

Фестивалга өлкөнүн бардык аймагынан келген чыгармачыл ийримдердин өкүлдөрү, акындар, жазуучулар, коомдук ишмерлер, мугалимдер жана окуучулар катышмакчы.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, коомдук саясий ишмер, акын жана ишкер Чыныбай Турсунбеков Нарын облусунун мурдагы Тянь-Шань, азыркы Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылында 1960-жылы 15-октябрда туулган. Биринчи класска 1968-жылы барып, орто мектепти 1978-жылы аяктаган. Кыргыз улуттук университетин аяктагандан кийин “адабият таануу” багытында “1960–70-жылдардагы кыргыз совет прозасында шаар менен кыштактын өз ара карым-катнашы: Кейипкер менен жаңжалдын көйгөйү” деген темада кандидаттык ишин жактап, филология илимдеринин кандидаты болгон.

1993–1994-жылдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Түркиядагы өкүлү болуп иштеген. Кийин Жогорку Кеңештин депутаты, төрагасы болгон.

Чыныбай Турсунбеков 2020-жылдын 6-июлунда 60 жашында коранавирус оорусунан улам дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгү 7-июлда «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган.

Акындын “Жүрөктөгү жаңырык”, “Шаарда жоголгон сөз” , “Жалын тоо” аттуу ыр жыйнактары жарык көргөн.

XS
SM
MD
LG