Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:55

Путиндин "вагнерчилер" козголоңунан кийинки алгачкы сапары Дербентке болду


Владимир Путин
Владимир Путин

Президент Путин туризм боюнча кеңешмеге катышуу үчүн Дагестандагы Дербент шаарына келди. Бул анын Орусиядагы "вагнерчилердин" козголоңунан кийинки алгачкы расмий сапары. Дербентке сапар Путиндин планында козголоңго чейин эле болгону же кийин пайда болгону белгисиз.

Орусиядагы туризмди өнүктүрүүгө багытталган кеңешмеде Путин "Батыш русофобиядан улам орусиялыктар үчүн туристтик аймак болуудан чыкты", - деп, бул өз кезегинде ички туризмди өнүктүрүүгө шарт түзгөнүн айтты. (Евробиримдик өлкөлөрүнүн визалык чектөөлөрүнө карабай, 2022-жылы жүз миңдеген орусиялыктар Шенгенге туристтик виза сатып алган).

Владимир Путин козголоң тууралуу бир гана жолу - Дагестан элинин колдоосуна ишенгенин билдирип жатып, учкай айтып кетти. Бирок кандай колдоо экенин ачыктаган жок.

Кеңешмеден кийин Путин көчөгө чыгып, топтолуп турган эл менен учурашты. Айрымдарынын колун кысып, кичинекей кызды өөп койду. Мындай көрүнүш президент Путин үчүн адаттан тыш, акыркы жылдары ал адамдар менен аралыктан туруп учурашып, сүйлөшчү.

Путин быйыл Мариуполго барганда гана "Невский" кичирайонунун бир нече тургуну менен сүйлөшкөн. Ал сүйлөшүп жаткан учурда арттан "Мунун баары калп! Жөн эле көрсөтмө үчүн!" деген кыйкырыктар угулганы Кремлдин РИА Новости тараткан тасмага түшүп калган.

"Вагнерчилердин" козголоңунан кийинки сөзүндө Путин эл аларга кошулбай койгонун, бийликти колдогонун айтып келет. Бирок 24-июнда "вагнерчилер" ээлеп турган Ростов-на-Дону шаарындагы көпчүлүк эл аларды колдоп жатканы, шаардан чыгып бараткан жалданма жоочуларды кол чаап узатышканы тартылган тасмалар соцтармактарга тараган.

24-июнга караган түнү "вагнерчилер" Украинадагы базаларынан чыгып, Ростов-на-Дону шаарын эч кандай каршылыксыз басып алышкан. Москвага 200 чакырым калганда Пригожин "кан төгүүнүн алдын алуу үчүн" артка кайтышарын күтүүсүздөн жарыялаган.

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко менен сүйлөшкөндөн кийин ишембиде "куралдуу көтөрүлүштү" токтотуп, артка кайткан Евгений Пригожин өзү дагы Беларуска кетери маалымдалган.

Беларуста атайын "вагнерчилер" үчүн лагерь да курулуп жатканы белгилүү болду.

Орусиянын президенти Владимир Путин 27-июндагы билдирүүсүндө "Вагнер" менчик аскердик компаниясы толугу менен мамлекеттен каржыланып келгенин моюнга алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG