Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:30

Украинанын Чугуев калаасына сокку урулду


Иллюстрация
Иллюстрация

29-июнга караган түнү орус армиясы Украинанын Чугуев калаасына ракетадан чабуул жасады. Харьков облусунун аскердик админстрациясынын башчысы Олег Синегубов турак-жайлар жана автоунаалар зыян тартканын, киши өмүрү кыйылбаганын Телеграмга жазды.

Дээрлик күн сайын чабуулга кабылып жаткан Харьков облусунда шаршембидеги соккулар үч кишинин өмүрүн кыйган.

Донецк облусундагы Краматорск калаасында 27-июндагы ракета соккусунан кийинки издөө-куткаруу иштери бейшембиде аяктады. Бийлик бул калаада орус армиясынын чабуулунан 12 киши каза тапканын, үчөө балдар экенин маалымдады.

Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков бул жолку кол салууга Орусия бир гана "аскердик түзүмдөргө тиешеси бар объектилерге" сокку урат деп комментарий берди.

Ынанымдуу далилдерге карабай, Москва Украинадагы карапайым калкты атканын моюнуна албай келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG