Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:15

Украиндердин 78% согушта каза болгон же жараат алган жакыны бар


Украин армиясынын каза болгон жоокери менен коштошуу. Фастов, 23-май, 2023-жыл.
Украин армиясынын каза болгон жоокери менен коштошуу. Фастов, 23-май, 2023-жыл.

Украина жарандарынын 78% согушта каза тапкан же жарадар болгон жакыны бар. Киев эл аралык социология институтунун Украинанын бардык аймагында ​ жүргүзгөн изилдөөсү ушундай жыйынтык көрсөткөн.

Сурамжылоого катышкандардын 63% согушта жакын тууганы же досу каза болгонун айтып беришкен. Бери дегенде согуштан кайтпай калган үч адамды жакындан тааный турганын билдиришкен.

Сурамжылоо 26-майдан 5-июнга чейин телефон аркылуу жүргүзүлгөн. Ушундай ыкма менен социологдор 18 жаштан жогору 2013 респонденттен суроо-жооп алган. Изилдөөгө Крымдын, Севастополдун жана украин бийлиги тарабынан көзөмөлдөнбөгөн Донецк, Луганск облустарынын айрым райондорунун тургундары катышкан эмес. Ошондой эле орус баскынчылыгы башталгандан кийин чет өлкөгө чыгып кеткен жарандар да катышкан жок.

Украинанын да, Орусиянын да бийликтери согуш маалында канча аскерин жоготконун так маалымдай элек.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, 2022-жылдын соңунан бери Украинада тогуз миңден ашуун жай тургун каза болгон, 16 миңден ашууну ар кандай деңгээлдеги жараат алган.

БУУ мындай сандар документтештирилген учурларга гана таянып эсептелгенин, мерт кеткендер менен жабыр тарткандардын чыныгы саны мындан алда канча көп болушу мүмкүндүгүн белгилейт. (KbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG