Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:00

Токтонасыровдун жазгандары боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалды


Токтонасыровдун суракка кирип бараткан учуру.
Токтонасыровдун суракка кирип бараткан учуру.

Активист Өндүрүш Токтонасыров Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынан сурактан чыкты.

Ал 4-июль, саат 14.00гө кайрадан суракка чакырылганын, өзүнүн Фейсбукка жазган посттору боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалганын "Азаттыкка" билдирди.

"Адилет министрлигинин алдында лингвистикалык экспертиза дайындашат экен. Алар Фейсбукта жазган материалдарым менен таанышып, талдап чыгышат экен. Булардын айтымында мен постторумда элди улут аралык араздашууга, расалык бөлүнүүгө чакырыпмын. Бул - жомок. Мен дайыма олуттуу ой-пикиримди ачык айтам", - деди Токтонасыров.

ИИМ ага карата Кылмыш кодексинин 330-беренеси ("Расалык, улут аралык жана аймак аралык кастыкты козутуу") менен кылмыш ишин козгогон.

Аны 30-июнда белгисиз кишилер машинеге күчтөп салып кеткенин жакындары көрүп калып, укук коргоочуларга, милицияга кабар беришкен.

Анын дайыны үч сааттан кийин ИИМдин Тергөө кызматынан чыккан.

Түнкү саат 11де сурактан чыккан Токтонасыров 1-июлда да ИИМге чакырылган.

Активист чөнтөк телефону тергөөчүнүн токтомунун негизинде "мүмкүн болгон далилдерди табуу" максатында алынганын айтып, документтин сүрөтүн жиберген.

30-июнда жазылган токтомго ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсү А.Эркинбековдун колу коюлган. Анда "тергөөчү Кылмыш кодексининин 330-беренесинин экинчи бөлүмүнүн үчүнчү пунктуна ылайык козголгон кылмыш ишинин материалдарын карап көрүп, интернетти мониторинг кылууда Өндүрүш Токтонасыров Фейсбуктагы өз акаунту аркылуу расалык, улут аралык кастыкты козутууга, улуттук баалуулуктарды кемсинтүүгө багытталган билдирүүлөрдү таратып жатканы" белгиленген.


Ички иштер министрлиги сурактын чоо-жайы, экспертиза тууралуу комментарий бере элек. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG