Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:45

MediaCamp: Кыргызстандык журналисттер сөз эркиндигине басым тууралуу айтып беришти


Media CAMP-2023, Алматы. 1-июль, 2023-жыл
Media CAMP-2023, Алматы. 1-июль, 2023-жыл

Борбор Азия мамлекеттеринде журналистика багытында иштеген адистердин Media CAMP-2023 фестивалы Казакстандын Алматы шаарында өтүп жатат. Талкууда Кыргызстандагы 24.kg маалымат агенттигинин жооптуу редактору Махинур Ниязова “Азаттык” радиосунун айланасындагы кырдаал, сөз эркиндигинин абалы туурасында айтып берди.

“Азаттыктын айланасындагы окуялар мурда эле пландалып, даярдалган. Мына эми сотко чейин жетип, тилекке каршы “Азаттыкты” жаап жатышат. Эмне үчүн биз “Азаттык” үчүн күрөшүп жатабыз. Анткени бүгүн аларды жапса, эртең баарыбызды жабат. Биз муну абдан жакшы түшүнүп турабыз. Бул - биринчи кезекте кесиптештерге тилектештик. Анткени бул аракеттер мыйзамсыз жана акыйкатсыз болуп жатат. Бул нерсе баарыбызга тийет, эмитен эле айрым маалымат каражаттары таасирин сезе баштады”, - деди Ниязова.

Иш-чарага Кыргызстандан 24.kg, Политклиника, “Клооп” басылмаларынын өкүлдөрү катышууда.

MediaCAMP журналисттердин бешинчи аймактык сынагына эмгектер 2022-жылдын 20-февралынан 15-апрелге чейинки аралыкта кабыл алынган. Мыкты материалдар беш номинацияда тандалат.

Бул эмгектердин авторлору финалга чыгып, MediaCAMP Fest фестивалына чакырылат. Сынактын жеңүүчүлөрүн регионалдык калыстар тобу аныктайт. Алардын ысымдары 2-июлда белгилүү болот.

Маданият министрлиги былтыр 26-октябрда “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө тууралуу чечим чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материал негиз болгону маалымдалган. Мындан соң "Азаттыктын" банктагы эсеби бөгөттөлсө, кийин Маданият министрлиги маалымат каражатынын ишмердигин токтотуу боюнча сотко арыз жазган. Бул арызды быйыл 27-апрелде Ленин райондук соту канаттандырган. "Азаттыктын" адвокаттары бул иш боюнча Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз жазган.

"Азаттык Медиа" Маданият министрлигинин дооматы негизсиз экенин, сөз болуп жаткан журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экенин белгилеп келет.

"Азаттык" туш болгон соңку басымды АКШ, Британия, Евробиримдик баш болгон бир нече өлкөнүн элчиликтери жана бир катар эл аралык, жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап, бийликтин аракетине чочулоосун билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG