Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Адвокат активист Токтонасыровду күч менен кармап кеткен милиционерлерге каршы арызданат


Өндүрүш Токтонасыров сурактан чыккандан кийин адвокаты жана жергиликтүү активисттер менен ИИМдин Тергөө кызматынын алдында турат. 1-июль, 2023-жыл.
Өндүрүш Токтонасыров сурактан чыккандан кийин адвокаты жана жергиликтүү активисттер менен ИИМдин Тергөө кызматынын алдында турат. 1-июль, 2023-жыл.

Активист Өндүрүш Токтонасыровду күч менен Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка алып кеткен милиция кызматкерлерине каршы арыз бериле турганын адвокат Агзам Дүйшөналиев билдирди.

Ал активистти кармоо Жазык-процессуалдык кодексине каршы келерин, милиция кызматкерлери өз укуктарынан аша чапканын айтууда.

"Биринчи тергөөчү тарабынан чакыруу барагы берилиши керек. Анда убак-сааты жазылыш керек. Эгер күбө же жабырлануучу келбесе, ошондо гана тергөөчү токтом чыгарып, мажбурлоо жолу менен алып келсе болот. Азыр Өндүрүш Токтонасыров иш боюнча күбө катары өтүп жатат. Милиция кызматкерлери кызматынан аша чапкандыктан, биз арыз менен кайрылабыз".

Адвокат Дүйшөналиев Токтонасыровго козголгон кылмыш ишин тергөөчү "бир топ адамдар тарабынан жасалган" деп квалификациялап жаткандыктан, бул боюнча башкалар жоопко тартылышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Кыргызстанда сөз эркиндигин жана адам укуктарын коргоодо өз оюн эркин билдирип, ар кандай акцияларды тынч жол менен өткөрүп жүрүп таанылган 65 жаштагы Өндүрүш Токтонасыровду 30-июндун түнү белгисиз кишилер машинеге күчтөп салып кеткенин жакындары көрүп калып, укук коргоочуларга, милицияга кабар беришкен.

Активисттин дайыны үч сааттан кийин ИИМдин Тергөө кызматынан чыккан.

Кийин ага Кылмыш кодексининин 330-беренесинин экинчи бөлүмүнүн үчүнчү пунктуна ылайык ("Расалык, улут аралык жана аймак аралык кастыкты козутуу (адамдар тобу тарабынан") кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.

Токтонасыров 30-июнда сурактан түнкү саат 11де чыкты. Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында деген негизде активисттин телефонун алып коюшкан. Ал 1-июлда да Тергөө кызматына кирип, тил маселесине байланыштуу кийинки сурак 4-июлга белгиленди.

Тергөө анын Фейсбукка жазган посттору боюнча лингвистикалык экспертиза дайындады.

Активист Фейсбукта "расалык, улут аралык кастыкты козуткан, улуттук баалуулуктарды кемсинтүүгө багытталган билдирүүлөрдү тараткан" деген айыпты "ойдон чыгарылган жомок" деп атап, жаран катары өз пикирин жазып келгенин айтып жатат.

Ички иштер министрлиги эки күндөн бери эч кандай комментарий бере элек. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG