Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:34

Африкадан Өзбекстанга банан жүктөп бараткан контейнерден кокаин табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Санкт-Петербургда Африкадан Өзбекстанга банан жүктөп бараткан контейнерден 50 килограм кокаин табылган. Бул тууралуу 30-июнда Орусиянын Федералдык бажы кызматы билдирди.

Маңзат он контейнерге бөлүнүп салынган. Маалыматка караганда, мындай көлөмдөгү кокаин көмүскө базарда беш миллион долларга бааланат.

Жүк Африка мамлекеттеринен Европа аркылуу Өзбекстанга жиберилген.

Факт боюнча кылмыш иши козголду.

Эл аралык уюмдардын билдирүүсүндө, Ооганстандан жыл сайын тонналаган баңгизат Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан аркылуу Ооганстандан Орусия менен Европа өлкөлөрүнө жеткирилет.

2019-жылы Польша менен чек арада жүк ташуучу автоунаадан 670 килограмм героин кармалганын немис басылмалары жазышкан. Баңгизаттар Кыргызстанда өндүргөн таттуулардын ичине катылып, Белгияга ташылып баратканы кабарланган.

XS
SM
MD
LG