Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

Ош: Кара-Суудагы "Боорукердик үйүндөгү" өрт өчүрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Дыйкан-Кыштак айылындагы "Боорукердик үйүндө" 2-июлда кечки саат 7ден өткөндө өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, кырсык болгон жерге эки бригада барып, өрт кечки саат 9да толугу менен өчүрүлгөн жана жабыркагандар болгон эмес.

"Өрттүн кесепетинен жалпы аянты 399 чарчы метр болгон "Боорукердик үйүнүн" 198 чарчы метр аянты күйүп, үч шкаф, төрт төшөк, пианино, телевизор жана 10 даана отургуч өрттөнгөн. Учурда кырсыктын себеби такталууда",- деп жазылган маалыматта.

"Боорукердик үйүндө" кароосуз калган, багар-көрөрү жок карылар менен кошо өспүрүмдөр жашайт. Бул жайда азыр 30 кары адам жана жана 30 өспүрүм башкалкалап турат.

XS
SM
MD
LG