Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

Назарбаевдин мурдагы басма сөз катчысы Орусияга элчи болуп дайындалды


Даурен Абаев, сүрөттө биринчи фондо.
Даурен Абаев, сүрөттө биринчи фондо.

Казакстандын Орусиядагы элчиси кызматына экс-президент Нурсултан Назарбаевдин мурдагы басма сөз катчысы Даурен Абаев дайындалды. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы расмий маалыматка таянып жазды.

44 жаштагы Абаев кезинде КМШнын башкы катчысынын орун басары жана Казакстандын маданият жана спорт министри кызматтарында да иштеген.

Даурен Абаев 2021-жылы августта президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп турганда мамлекеттик мекемелерде жана дүкөндөрдө казак тилинде кызмат көрсөтүүнү талап кылып, тил рейддерин өткөргөн казакстандыктардын аракетин "түркөйлүк, улутчулдук" деп атаган. Бул үчүн ал Казакстанда сынга кабылган. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Абаевдин аракетин колдой турганын билдирген.

Жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маегинде Даурен Абаев "Казакстанда сөз эркиндиги бар" деп бир нече жолу айткан. Бирок ал маалымат министри болуп турганда өкмөт журналисттерге окуяларды чагылдырууга уруксат берүү эрежелерин катаалдатып, мыйзамга кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштаган. Бул кадамды көз карандысыз байкоочулар журналисттердин ишин чектөө катары баалашкан. 2021-жылдын жазында Маалымат министрлиги кабыл алынган жаңы эрежелерде алешемдиктер жок экенин билдирген.

Буга чейин Орусиянын Казакстандагы элчиси кызматын аркалап келген Эрмек Кошербаев июнь айында Чыгыш Казакстан облусунун акими болуп дайындалган.

XS
SM
MD
LG