Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:25

Элчи Казакбаев Стамбулда жоголгон кызды издөө уланып жатканын билдирди


Стамбулда дайынсыз кеткен кыргызстандык кыз. Сүрөттү Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу жарыялады.
Стамбулда дайынсыз кеткен кыргызстандык кыз. Сүрөттү Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу жарыялады.

Стамбулда он күндөн ашык убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан 20 жаштагы Ж.Ш.Б аттуу кызды издөө иштери Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин көзөмөлүндө.

Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, кыздын жакындарынын суранычынан кийин элчилик издөө иштерин жүргүзүү өтүнүчү менен Түркиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөткөн.

Ушул тапта эки өлкөнүн укук коргоо органдары чогуу иш алып барууда.

Кыздын жакындары азыр Стамбулда экенин, алар менен Башкы консулдук, кыргызстандык диаспора тыгыз иштешип жатканын Казакбаев кошумчалады.

24-июнда Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугуна жоголгон кыздын апасы кайрылып, ал эки күндөн бери байланышка чыкпай жатканын айткан. Кызы Бишкектен Стамбулга чейин учак менен барып, андан ары Болгариянын Варна шаарына автобус менен жетиши керектигин билдирген.

Ал жакка кандай максатта барары кабарланган жок.

Сабиха Гөкчен аэропортунун миграциялык кызматы кыздын эч тоскоолдуксуз, Стамбулга киргенин тактаган. Андан кийин кайда кеткени белгисиз болуп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG