Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:24

Эл сүрөтчүсү Макен Сыдыкбаев менен коштошуу зыйнаты өттү


Макен Сыдыкбаев.
Макен Сыдыкбаев.

Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү, белгилүү театр сүрөтчүсү Макен Сыдыкбаев менен коштошуу зыйнаты бүгүн А. Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында өттү. Ага бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, сүрөтчүнүн кесиптештери жана жакындары чогулду.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына караганда сүрөтчү 2-июлда 86 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Макен Сыдыкбаев 1937-жылы Ысык- Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кытай айылында туулган.

1958-жылы Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын, 1964-жылы Суриков атындагы Москва мамлекеттик академиялык көркөм сүрөт институтун бүтүргөн.

Эмгек жолун 1964-жылдан тарта мамлекеттик орус драма театрында сүрөтчү-коюучу болуп иштөөдөн баштаган.

1969-1994 –жылдар аралыгында Кыргыз мамлекеттик драма театрында сүрөтчү-коюучу, башкы сүрөтчү, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера балет театрында сүрөтчү-коюучу, башкы сүрөтчү, 1967-1975-жылдар аралыгында Чуйков атындагы көркөм окуу жайында жана 1994-жылы И. Арабаев атындагы Мамлекеттик педагогикалык университетинде мугалим болуп иштеген.

Сыдыкбаев кыргыз сахнасында коюлган "Кызыл жоолук жалжалым" (Ч. Айтматов), "Эжелүү-сиңдилүүлөр" (А. П. Чехов), "Манастын уулу Семетей", "Айкөл Манас", "Сейтек" (Ж. Садыков), "Ак боз ат" (Ш. Садыбакасов), "Төрт адам" (М. Байжиев), "Алтын кыз" (В. А. Власов), "Кармен" (Ж. Визе), "Курманбек" (Н. Давлесов), "Отелло" (Ж. Верди) жана башка көптөгөн спектаклдерди көркөмдөгөн. Мындан сырткары "Заводдун короосунда", "Жаандан кийин", "Күз" баштаган ондогон живописттик эмгектери бар.

Үзгүлтүксүз чыгармачылыктагы жолу жана кесипкөйлүгү аркылуу ал СССР сүрөтчүлөр союзуна, СССР театр ишмерлер союзуна жана Кыргыз ССРнин театр ишмермелер союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.

Эл сүрөтчүсүнүн сөөгү бүгүн, 4-июлда “Ала- Арча” көрүстөнүнө коюлду. (MZh)

XS
SM
MD
LG