Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:33

Израилдин Жениндеги операциясында бери дегенде 10 киши каза тапты


Окуя болуп жаткан жерден коопсуз жакка качып бараткандар.
Окуя болуп жаткан жерден коопсуз жакка качып бараткандар.

Израилдин Иордан дарыясынын батыш жээгинде жайгашкан Женин калаасында дүйшөмбүдө баштаган операциясында бери дегенде 10 киши каза болгонун, жүзгө жакыны жараат алганын Reuters агенттиги Палестинанын Саламаттык сактоо министрлигине таянып билдирди.

Эл аралык басылмалар журналисттер түндү Женин качкындар лагеринин жанындагы ооруканада өткөрүшкөнүн, дээрлик 14 миңдей киши бар лагерди айланып учкан дрондордун добушу тынымсыз угулуп турганын жазышты.

Палестинадагы Кызыл Жарым Ай коому жүздөгөн адам калаадан чыгып кеткенин билдирди.

Израил дүйшөмбү күнү Женин калаасындагы качкындар лагеринин аймагында палестиналык согушкерлерге каршы ири операция башталганын жарыялаган.

Чопкутталган техника, бульдозер, дрон колдонулган бул рейд бир нече жыл ичиндеги эң ири операция катары сыпатталууда.

Израил "Женин бригадасы" радикал түзүмүнүн мүчөлөрүнө кызмат кылган "биргелешкен операциялар борбору" бутага алынганын билдирди. Премьер-министри Бинямин Нетаняху операция зарыл учурга чейин улантыларын айтып, Женинди терроризмдин “уясы” деп атады.

Палестинанын президенти Махмуд Аббас операцияны кескин сындап, Израил менен бардык сүйлөшүүлөр токтотуларын белгиледи.

БУУнун агенттиктери Женин шаарында уланып жаткан операцияга тынчсыздануу билдирип, элге медициналык жардам берүү кыйынчылык жаратып жатканын белгилешти.

Жакынкы Чыгышта быйыл майда абал курчуп кеткен. Андан соң Израилдин коопсуздук күчтөрүнүн Газа тилкесиндеги операциясында палестиналык радикалдык “Ислам жихады” тобунун жетекчилиги жок кылынган.

XS
SM
MD
LG