Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

Кыргызстанда вакцина сакталган алты кампа курулат


Дүйнөлүк Банк Кыргызстанга коронавирус пандемиясынан улам эки долбоордун алкагында колдоо көрсөтүп келет.
Дүйнөлүк Банк Кыргызстанга коронавирус пандемиясынан улам эки долбоордун алкагында колдоо көрсөтүп келет.

Саламаттык сактоо министрлиги вакциналарды сактоо үчүн Токтогул, Ала-Бука, Араван райондорунда, Бишкек, Жалал-Абад жана Кербен шаарларында кампалар куруларын билдирди. Ага ылайык, бул иштер Дүйнөлүк банк каржылаган "COVID-19га чукул чара көрүү" долбоорунун негизинде ишке ашмакчы.

Аталган долбоордун алкагында, буга чейин Москва, Кемин жана Базар-Коргон райондорундагы кампалар оңдолгон. Учурда Чаек айылындагы жайды оңдоо аягына чыгып калды.

Андан сырткары 50 муздатуучу камера, дагы 50 термоконтейнер алынды.

Дүйнөлүк Банк Кыргызстанга коронавирус пандемиясынан улам эки долбоордун алкагында колдоо көрсөтүп келет.

Ага ылайык, ооруканалар жана медициналык мекемелер, лабораториялар жана чек ара бекеттери үчүн негизги медициналык ресурстарды чыңдоо, жабдууларды жана дары-дармектерди каржылоо каралган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG