Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:08

Изилдөө: Кыргызстанда өспүрүмдөр насаатчылыкка муктаж


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда USAID менен Ага Хан фондунун колдоосунун негизинде өспүрүмдөрдүн өткөөл курагындагы көйгөйлөрдү аныктаган чакан изилдөө жүргүзүлдү. Анда жашы жетилип келе жаткан балдар үчүн эң орчундуу маселе катары алардын психикалык жана физиологиялык жетилүүсү, инсан катары калыптануу учурундагы тобокелчиликтердин өз маалында аныкталбай калышы, ишеничтүү булактардан керектүү маалымат, насаатчылыктын жетишсиздиги экени аныкталды. Ошондой эле, өспүрүмдөргө насаатчылык берген мекеме-жайлардын жоктугу, ата-энелеринин миграцияда экени, үй-бүлөдөгү жана өз чөйрөсүндөгү түшүнбөстүк, коомчулуктан алыстоо өңдүү коркунучтар белгиленди.

Долбоордун алкагында Оштогу Алай районунун Жаңы-Алай, Гүлчө жана Сары-Могол айылдарында өспүрүмдөр маселесинин алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү. Ошондой эле "Өспүрүмдүн өнүгүү жолу” аттуу программа иштелип чыкты.

Аталган бир жылдык долбоор былтыр июнда башталган. Анын негизинде ата-энелер үчүн “Өспүрүмдүн үй-бүлөдөгү орду”, өспүрүмдөргө "Сергек жашоо образы" аттуу окутуу программалары да даярдалып, ресурстук борборлор ачылды, атайын окутуулар уюштурулду.

"Учурда ата-эне менен өспүрүм баланын ортосунда ачык мамиле жок. Өспүрүмдө болуп жаткан психологиялык, физиологиялык өзгөрүүлөрдү, тобокелчиликтерди сүйлөшпөйт. Ошондуктан алар ар кандай абалга туш болот, мындан улам ата-энеден, досторунан, коомчулуктан алыстап, түнт болуп, кээ бир учурда өздөрүн керексиз сезип, өз өмүрүнө кол салган учурлар да болгон",- деди долбоорго катышкан фасилитатор Алмазбек Мидинов.

Ушул жылдын март айында ЮНИСЕФтин жаңы изилдөөсүндө Кыргызстандагы өспүрүмдөрдүн психикалык саламаттыгы Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен начар экени белгилүү болгон.

WorldPopulation порталынын соңку маалыматына ылайык, Кыргызстанда 10 жаштан 19 жашка чейинки 1 млн. 233 миң өспүрүм бар. Алардын теңинен көбү эркек балдар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG