Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:34

Чеченстанда кордук көргөн журналист менен адвокат Москвадагы ооруканага которулду


Журналист Елена Милашина Грозныйдагы кол салуудан кийин.
Журналист Елена Милашина Грозныйдагы кол салуудан кийин.

Орусиянын курамындагы Чеченстан жумуриятында шейшембиде катуу сабалган иликтөөчү журналист Елена Милашина жана адвокат Александр Немов Москвадагы ооруканага которулду.

4-июнда алар бозгундагы үч чечен активисттин апасынын сотуна катышуу үчүн Грозныйга барышкан. Аэропорттон шаардын борборуна такси менен баратканда беткап тагынган, кара кийимчен куралчандар кол салган.

Милашина Грозныйдан Бесландагы ооруканага жеткирилгенден кийин бир нече жолу эсин жоготкон. Анын мээси катуу чайкалып, бети-башына медициналык "зеленка" чачып, чачын такырайта кырып салышкан. Адвокат Немов бутунан жаракат алганын дарыгерлер ырасташты.

Журналист менен адвокат Чеченстандын жетекчиси Рамзан Кадыровдун бийлигин кескин сындаган бозгундагы чечен активисттери Абубакар, Ибрагим жана Байсангур Янгулбаевдердин апасы жана Чеченстандын Жогорку Сотунун мурдагы судьясы Сайди Янгулбаевдин жубайы Зарема Мусаеванын сотуна катышуу үчүн Грозныйга барышкан.

Адвокат Немов 53 жаштагы Мусаеванын укугун коргосо, журналист Милашина бул сот процессин чагылдырып келген.

Кол салуу болгон күнү Грозныйдагы райондук сот Мусаеваны "көз боёмочулук" беренеси боюнча беш жарым жылга кести. Укук коргоочулар чечен бийлиги уулдарынын оппозициялык ишмердиги үчүн апасы куугунтукка кабылганын айтып келишет.

Журналист Милашина буга чейин жумурияттын лидери Рамзан Кадыровдун оозеки коркутуусуна кабылган.

Шейшембинин кечинде Кадыров журналистке жана адвокатка кол салгандардын тек-жайын аныктоону тиешелүү кызматтарга тапшырганын белгилеп, "териштиребиз" деп убада берди.

Орусиянын Тергөө комитетиокуя боюнча иликтөө иштерин баштаганы кабарланганы менен кандайдыр бир кылмыш иши козголгон-козголбогону белгисиз.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Грозныйдагы кол салуу тууралуу президент Владимир Путинге маалымат берилгенин айтты.

XS
SM
MD
LG