Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

Британия, Швеция, Украина Иранды Эл аралык сотко берет


Киевдин Бориспол аэропортундагы PS752 каттамындагы учактын курмандыктарына коюлган эстелик. 17-февраль, 2020-жыл.
Киевдин Бориспол аэропортундагы PS752 каттамындагы учактын курмандыктарына коюлган эстелик. 17-февраль, 2020-жыл.

Британия, Швеция, Украина Бириккен Улуттар Уюмунун сотунда 2020-жылкы авиакаргашага байланыштуу Иранды сотко берди. Үч жыл мурун 176 жүргүнчү жана экипаждын тогуз мүчөсүн салып, Тегерандан чыккан учак жерден көтөрүлгөндөн көп узабай атып түшүрүлгөн.

Жогорудагы төрт мамлекет Иран «Украинанын эл аралык аба жолдоруна» тиешелүү учакты атып түшүргөнүн мойнуна алсын деген негизде эл аралык сотко арызданган. Алар Тегеран өз күнөөсүн мойнуна алып, курман болгондордун үй-бүлөсүнөн кечирим сурап, кенемте төлөп берүүгө макул болушун көздөйт.

Өткөн аптада Иран Канадага каршы иш козгогон. Тегеран Түндүк Америкадагы бул мамлекетти Ирандын ички ишине кийлигишип, авиакаргашанын курмандыктарынын жакындарына кенемте талап кылууга шыкак болуп жатат деп айыптаган.

2020-жылы 8-январда Тегерандан Киевге сапар алган PS752 каттамындагы учакта Канаданын, Швециянын, Украинанын, Британиянын, Ооганстандын жана Ирандын жарандары болгон.

Үч күндөн кийин Ирандын мамлекеттик телеканалы Украинанын учагы Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун аскер базасын көздөй багыт алганда “душмандын объектиси” катары жаңылыш кабыл алынганын жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG