Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Львовдо Орусиянын чабуулунан кеминде үч адам набыт болду


Шаар мэри согуш башталгандан бери Львовго мынчалык калайман ракеталык чабуул жасалбаганын белгиледи.
Шаар мэри согуш башталгандан бери Львовго мынчалык калайман ракеталык чабуул жасалбаганын белгиледи.

Орусиянын армиясы 6-июлга караган түнү Украинанын Львов шаарына ракеталык чабуул жасап, бери деген үч адам мерт болду, дагы сегиз тургун жараат алды. Шаар мэри Андрей Садовыйдын маалымдашынча, ракетанын сыныгы турак-жайга тийген. Ал Телеграм-каналына куткаруучулар урандылардын алдынан адамдарды алып чыгып жатканын, мерт болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүндүгүн жазды.

Садовый согуш башталгандан бери Львовго мынчалык калайман ракеталык чабуул жасалбаганын белгиледи.

Облустук администрациянын башчысы Максим Козицкий сөз көп кабаттуу үй тууралуу болуп жатканын тактады. Анын алдында чабуулдун айынан шаардагы маанилүү инфраструктуралык объект жабыркаганын кабарлаган. Бирок анын чоо-жайын тактаган жок.

Орусия бул чабуулга байланыштуу комментарий берген жок. Москва Украинанын жарандык инфраструктурасына, турак-жайларга сокку урулганы тууралуу дооматтарды четке кагып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG