Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Маевкада мас айдоочу сүзгөн эки киши каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдө адам өмүрү кыйылган жол кырсыгына мас айдоочу күнөөлүү экенин 6-июлда облустук милициянын жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, кырсык 5-июлдун кечинде Маевка айылында болгон. Мас абалындагы айдоочу эки кишини сүзүп кеткен.

“Болжол менен саат 22:00 чамасында Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө жол кырсыгы тууралуу маалымат түшкөн. Баштапкы маалымат боюнча Маевка айылында “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу мас абалында унаа башкарып бара жатып жол кырсыгына кабылганы аныкталган. Жол кырсыгынын кесепетинен көз жумгандар бар. Азыркы учурда бардык материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, тергөө амалдары жүрүүдө”, - деп билдирди мекеме.

Окуянын күбөлөрүнүн маалыматына караганда, машине коюп кеткендер алган жарааттарынан улам бир нече сааттан кийин каза болуп калган. Күбөлөр кырсык болгон жерден тартылган видеолорду социалдык түйүндөр аркылуу таратып жатышат.

Машинаны мас болуп алып айдап бараткан киши аскер кызматкери экени, материалдар Аскер прокуратурасына жөнөтүлгөнү да кабарланууда.

XS
SM
MD
LG