Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:47

Султанбаев президент тууганына чара көрүүнү өзү тапшырганын айтты


Президент Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында. Бишкек. 13-июнь, 2023-жыл.
Президент Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында. Бишкек. 13-июнь, 2023-жыл.

Президент Садыр Жапаровдун аталаш тууганы коррупцияга шек саналып камалганы тууралуу анын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев комментарий берди. Анда мамлекет башчы тууганына чара көрүүнү өзү тапшырганын айтты.

"Кармалган Улан Жапаров бажыдагы маселелерге байланыштуу коррупциялык схемаларга катышкан деп шектелүүдө. Муну билген соң президент Жапаров кылмышка шектүүлөргө бардык мыйзамдуу чараларды көрүүнү жеке өзү талап кылган. Ар бир жаран анын үй-бүлөсүнө же башка байланышына карабастан, кылмыш же укук бузуу жасаган учурда мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат. Эгерде иш коррупцияга байланыштуу болсо, анда келтирилген зыяндын ордун милдеттүү түрдө толтурат. Бул мамлекет башчысынын талабы",-деп жазды Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына.

Мунун алдында президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Улан Жапаров президенттин аталаш тууганы Ракымжан Жапаровдун тун уулу экенин бышыктаган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Улан Жапаровдун бөгөт чарасы 3-июлда каралып, ал 26-июлга чейин Жаза аткаруу кызматынын №21 тергөө абагына камалганын буга чейин "Азаттыкка" билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG