Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:23

ӨКМ 6-июлда төрт адам сууга чөгүп, үчөөнүн сөөгү табылганын кабарлады


Дайынсыз жоголгон 7 жашар баланы издөө. Нарын суусу, Таш-Көмүр шаары. 20-июнь, 2023-жыл.
Дайынсыз жоголгон 7 жашар баланы издөө. Нарын суусу, Таш-Көмүр шаары. 20-июнь, 2023-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 6-июлда өлкөдө төрт адам сууга чөгүп, үчөөнүн сөөгү табылганын, бир адамды издөө уланып жатканын билдирди. Кырсыктар Чүйдөгү Люксембург жана Жаңы-Турмуш айылдарында, Жети-Өгүздө жана Чолпон-Ата шаарында болгон.

Мунун алдында аталган министрлик Кыргызстанда жыл башынан бери 50дөн ашык адам сууга чөгүп каза болгонун билдирген. Ага ылайык, былтыркы жылдын ушул маалына карата кырсык 25% өскөн.

Ага чейин Ички иштер министрлиги (ИИМ) соңку алты айда 60тан ашык жаш бала, өспүрүм сууга чөгүп каза болгонун кабарлаган. Мындан улам милиция коопсуздук чараларын күчөткөнүн маалымдаган.

ӨКМдин маалыматына ылайык, былтыр 85 адам сууга чөгүп каза болгон жана мындай кырсыктардын эң көбү жайкы сезондо Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарында катталган. Каза болгондордун 28и 12 жашка чейинки балдар.

XS
SM
MD
LG