Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:07

Баткен университети абитуриенттер үчүн босого баллды төмөндөттү


БатМУ
БатМУ

Баткен мамлекеттик университетине абитуриенттерди кабыл алууда бюджеттик орундун босого баллы негизги тест - 100, предметтик тесттерге 60, келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формалары үчүн негизги тест - 95, предметтик тесттерге- 60 болуп бекитилди.

Аталган университеттен бул Билим берүү жана илим министрлигинин чечимине ылайык кабыл алынганын кабарлашты.

Кыргызстанда ЖОЖдорго кабыл алууда босого балл 110 деп бекитилген.

2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү чек арада болгон окуядан кийин жабыр тарткан жарандар эвакуацияланып, окуучулар башка мектептерге окууга мажбур болсо, Лейлек районунун Максат орто мектеби, Баткен районунда Б.Ходжаев жана Достук орто мектептери күйүп, колдонууга жараксыз абалга келген. Окуучулар жыл бою онлайн режимде окуган. Аймактагы билим алууга болгон ар кандай тоскоолдуктар эске алынып ушундай чечим чыккан.

Белгилей кетсек, буга чейин да облус жетекчилигинин сунушу менен 2021-2022-окуу жылында ЖРТнын босого баллын төмөндөтүү менен Баткен мамлекеттик университетине гранттык орундар берилип, чек аралаш айылдардан 144 студент бюджеттик, 266 студент келишимдик негизде окууга кабыл алынган.

Баткен мамлекеттик университетинде 13 миңдей студент болсо, анын 12 миңден ашыгы келишим боюнча акы төлөп, 500дөй студент бюджеттик негизде окуйт.

Баткен облусу боюнча быйылкы жылы орто мектеп бүтүрүүчүлөрүнөн ЖРТга 3765 окуучу катышып, анын 1773ү босого баллдан ашык көрсөткүчкө ээ болсо, 1992 окуучу 110 баллга жете алган эмес. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG