Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:59

Дүйшөмбүдө жашаган Эмсал Кожду Түркияга уурдап кетишкени белгилүү болду


Тажикстандагы "Диалог" илимий-маданий борборунун мурдагы башчысы Эмсал Кож. Архивдеги сүрөт.
Тажикстандагы "Диалог" илимий-маданий борборунун мурдагы башчысы Эмсал Кож. Архивдеги сүрөт.

Тажикстандагы "Диалог" илимий-маданий борборунун мурдагы башчысы Эмсал Кожду Дүйшөмбү шаарынан Түркияга уурдап кетишкенин "Озоди" радиосу Bold басылмасына жана Стокгольм эркиндик борборуна таянып жазды.

Bold басылмасынын маалыматына караганда, Эмсал Кожду Түркияда террордук деп саналган Фетхуллах Гүлендин уюмуна тиешеси бар деген кине менен кармап кеткен.

Кождун аялы Фируза Худойдодованын айтымында, 2-июнда үч белгисиз адам Эмсалды иштеп жаткан жеринен күч менен чыгарып, кара машинеге салып кеткен. Ошол эле күнү Кожду Дүйшөмбү аэропортунан тажик милициясынын коштоосунда көрүшкөн. Фируза учурда бардык далилдерди чогултуп, жергиликтүү бийликке жана эл аралык уюмдарга өткөрүп берүү аракетин көрүүдө.

"Күйөөмдү Түркияга мыйзамсыз чыгарып кетишти. Мен анын токтоосуз бошотулушун талап кылам", - деп жазды ал Твиттерге.

"Озоди" радиосу Кож атайын кызматтардын операциясынын алкагында Түркияга чыгарылганын жазды. Стокгольм эркиндик борборунун маалыматында Эмсал Кож Эрзурум провинциясындагы убактылуу кармоочу жайлардын биринде экени аныкталган.

Тажик бийлиги Кождун Түркияга чыгарылганы тууралуу маалымат бере элек.

Bold басылмасы жазгандай, Эмсал Кож 1994 -жылдан бери Тажикстанда жашап, 2017-жылга чейин Гүленге тиешелүү тажик-түрк лицейинде эмгектенген. Тажикстанда бул лицейлер таланттуу балдар үчүн мектептерге айланган. Ал эми "Диалог" уюмунун ишмердүүлүгүн тажик бийлиги 2016-жылы токтоткон.

Ушуга окшош окуя 2021-жылы Кыргызстанда да болгон. Кыргызстандын жарандыгын алып, Бишкекте жашап жаткан "Сапат" ("Себат") мектебинин мурдагы директору Орхан Инанды 2021-жылы 1-июнда Бишкекте жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызмат аны Анкарага алып барганын айткан.

Инандынын адвокаты Бишкектен аны кыргыз улутундагы үч адам уурдаганын, андан соң эртеси күнү Түркияга алып келишкенин "Азаттыкка" айтып берген.

Быйыл 17-июнда Түркиянын Жогорку соту Орхан Инандыны "куралдуу террордук уюмду башкаруу" беренеси менен күнөөлүү деп таап, 21 жылга эркинен ажыратты.

Соттук отурумга адвокаты менен катышкан Инанды Кыргызстандын жараны экенин, анын билим берүү мекемелери террордук уюмга тиешеси жоктугун айтып, өзүнө тагылган айыптарды четке какты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG