Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:25

Орусиядагы "Промсинтез" заводундагы жарылууда алты киши мерт болду


Орусиядагы заводдордун бирин каптаган тилсиз жоо менен күрөшүүгө келген өрт өчүрүүчүлөр. 9-декабрь, 2022-жыл. Жаңылыкка тиешеси жок, иллюстрациялык сүрөт.
Орусиядагы заводдордун бирин каптаган тилсиз жоо менен күрөшүүгө келген өрт өчүрүүчүлөр. 9-декабрь, 2022-жыл. Жаңылыкка тиешеси жок, иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Самара облусундагы "Промсинтез" заводунда 7-июлдун таңында болгон жардыруудан алты киши мерт болду. Эки адам жараат алды. Бул тууралуу Орусиянын ТАСС агенттиги тиешелүү кызматтарга таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, жарылуу техникалык түтүктөрдү оңдоп-түзөө маалында болгон.

Заводдун жетекчилиги журналисттерге маалымат берүүдөн баш тартты.

"Промсинтез" заводу Чапаевск шаарында жайгашкан. Анын сайтында жазылгандай, ишкана Орусия менен КМШ аймагындагы өндүрүштө колдонулчу жардыруучу заттарды чыгарган негизги заводдордун бири экени жазылган.

Бул компаниянын продукциясы тоо-кен тармагында колдонулат. Заводдо 1300дөй адам эмгектенет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG