Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:34

Арабаев университетинин бир корпусунун ордуна мектеп ачылат


Садыр Жапаров Бишкектин 10-кичи районундагы Ишеналы Арабаев атындагы университеттин окуу корпустарын кыдырды.
Садыр Жапаров Бишкектин 10-кичи районундагы Ишеналы Арабаев атындагы университеттин окуу корпустарын кыдырды.

Президент Садыр Жапаров 7-июлда Бишкектин 10-кичи районундагы Ишеналы Арабаев атындагы университеттин окуу корпустарын кыдырды. Анын басма сөз кызматынын билдиришинче, анда максаттуу пайдаланылбай турган бир корпусунун ордуна мектеп ачууну тапшырды.

“Садыр Жапаров имараттын абалы менен таанышып, аудиторияларды, окуу жерлерин жана капиталдык реконструкциялоого муктаж корпустун айланасын көрүп чыкты. Имараттын жалпы аянты 11 миң чарчы метрден ашат, анын бир бөлүгү дээрлик максаттуу пайдаланылбайт. Президент аталган имараттын жарымын Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берүүнү жана капиталдык оңдоодон өткөрүп, мектеп катары жабдууну тапшырды”,-деп жазылган маалыматта.

Расмий маалыматка ылайык, Бишкекте 177дей миң окуучу билим алатю Бирок борбор калаадагы 97 мектеп 76 миң гана балага ылайыкташкан.

Былтыр жыл башында республикалык бюджеттин эсебинен Бишкекте 15 мектепти куруу пландалып жатканы маалымдалган. Курулуштун баасы жана жаңы мектептердин тизмеси айтылган эмес.

Билим берүү министрлигинин билдиришинче, Кыргызстанда 2333 мектеп бар жана аларда 1,5 миллиондой окуучу билим алат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG