Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:57

ИИМ оң рулдуу машиналар жол кырсыгына көп кабылып жатканын билдирди


Оң рулдуу автоунаа.
Оң рулдуу автоунаа.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) адам өлүмү менен коштолгон авто кырсыктардын 60% оң рулдуу машиналар катышканын билдирди.

Мекеме канча убакытта, канча жол кырсыгына талдоо жүргүзүлгөнү жөнүндө маалымат берген жок. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы 28-майда Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы сегиз кишинин (арасында экөө балдар), 6-июндагы Бишкек-Ош жолундагы алты кишинин өмүрүн алган авто кырсыктарды мисал келтирген.

ЖКККБ оң рулдуу автоунаалар Кыргызстандын жолуна ыңгайлашпаганын белгилеп, айдоочуларду башка машиналардан ашып өтүүдө ылдамдыкты азайтып, коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды

Кыргызстанда былтыр бир жыл ичинде 7 миңдей жол кырсыгы катталып, 600дөн ашуун өмүр кыйылган.

Ушул жылдын февраль айында Ички иштер министрлиги оң рулдуу автоунааларды такси кызматына пайдаланууга тыюу салуу тууралуу токтом долбоорун коомдук талкууга койгон.

ИИМдин маалыматына караганда, Кыргызстанда 17 миңдей автоунаа жүргүнчү ташууда колдонулат Анын тең жарымы оң рулдуу унаалар. Кыргызстанда 2015-жылдан тартып оң рулдуу автоунааларды каттоого тыюу салынган. (TSh)

XS
SM
MD
LG