Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:28

Төө-Ашуудагы тоннелдеги чектөөлөр 10 саатка чейин созулат


Кусеин Көлбаев атындагы тоннел.
Кусеин Көлбаев атындагы тоннел.

Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашууда тоннелди оңдоп-түзөөгө байланыштуу кийинки жумадан баштап машиналардын жүрүшүнө чектөө 10 саатка чейин созулат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев кабарлады.

“Төө-Ашуудагы тоннелдин ремонт иштеринин акыркы этабы калды. Жумушту тез бүтүрүү максатында эми чектөөлөр кийинки жумадан баштап 10 саатка чейин болот. Бул аракет асфальт төшөөнү тездетүүгө байланыштуу”, - деп жазды министр Фейсбуктагы баракчасына.

Ал чектөөлөрдүн убактысын кийинчерээк айтарын, тоннелдеги оңдоо иштери аяктап калганын кошумчалады.

Буга чейин аталган тоннелдин ичиндеги жолдун сапатына байланыштуу нааразылык көбөйгөн. Айрым учурда тыгындар дагы пайда болгон. Майдын башында ал жерде оңдоо-түзөө иштери жүрөрүн министрлик билдирген.

Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин узундугу үч чакырымга жакын. Деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан.

Тоннелдин курулушу 1957-жылы башталып, 1964-жылы аяктаган. 1999-жылы аны Түштүк Кореянын "Самсунг" компаниясы реконструкциялаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG