Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:42

Президент Жапаров Мирзиёевдин шайлоодогу жеңишин куттуктады


Шавкат Мирзиеев Садыр Жапаровду куттуктады.
Шавкат Мирзиеев Садыр Жапаровду куттуктады.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Өзбекстандын президенттик шайлоосунда алдыга чыккан Шавкат Мирзиёевди куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жапаров куттуктоосунда Мирзиёев кыргыз-өзбек мамилесинин чыңдалышына салым кошконун белгилеген.

"Кыргыз-өзбек мамилелеринде эки тараптуу кызматташтыктын дээрлик бардык багыттарында жакшы өзгөрүүлөр орун алып, маанилүү биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү макулдашуулар жетишилди", - деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Өзбекстанда Шавкат Мирзиёев 9-июлда мөөнөтүнөн мурда өткөн добуш берүүдө кайра шайланды. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы 10-июлда билдиргендей, алдын ала жыйынтыктарга караганда Мирзиёев добуштардын 87,1% менен алдыга чыкты.

Добуш берүүгө шайлоого укуктуу жарандардын 70% (13,46 миллион киши) катышканы белгилүү болду. Президенттик шайлоо өттү деп эсептөөгө калктын 33% гана катышса жетиштүү.

Европа Коопсуздук келишим уюмунан барган эл аралык байкоочулар 10-июлда маалымат жыйын өткөрүп, шайлоо тууралуу өз байкоолору менен бөлүшөт.

Быйыл 30-апрелде өткөн референдумда Өзбекстандын Конституциясына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

Президенттик мөөнөт эми беш эмес, жети жыл болот. Буга байланыштуу 2016-жылдан бери бийликте турган азыркы президент Мирзиёевдин буга чейинки мөөнөтү нөлгө теңелип, 2037-жылга чейин эки жолу мамлекет башчы болуп шайлануу мүмкүнчүлүгү берилди.

65 жаштагы Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын башына мурдагы авторитардык лидер Ислам Каримов көз жумгандан кийин келген. Ага чейин Мирзиёев 13 жыл өкмөт башчынын кызматын аркалаган.

Андан башка бул жолу президенттикке үч киши расмий ат салышкан. Алар шайлоо өнөктүгүн дээрлик өткөргөн жок. Талдоочулардын пикиринде, алардын аты-жөнүн көптөр билбейт. (TSh)

XS
SM
MD
LG