Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:48

Котельникидеги мусулмандар тинтүүлөргө нааразылык билдиришти 


Котельникидеги тинтүүлөргө нааразылыгын билдирип, Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылып жаткан тажик мигранттары. Социалдык тармактарга тараган видеодон алынган кадр.
Котельникидеги тинтүүлөргө нааразылыгын билдирип, Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылып жаткан тажик мигранттары. Социалдык тармактарга тараган видеодон алынган кадр.

Москва облусунун Котельники шаардык аймагындагы мусулмандар жамааты Орусиянын президенти Владимир Путинге видео аркылуу кайрылып, жума намазды үзгүлтүккө учуратып жаткан тинтүүлөрдөн коргоону суранышты.

10-июлда социалдык тармактарга тараган видеодо полициянын атайын күчтөрү жума намаз окулуп жаткан жайга кирип барышып, килемди тебелеп, ичиндегилерди сөгүп-сакканы айтылат.

"ОМОНчулар жума намазды үзгүлтүккө учуратып, бөлмөгө газ чачып, адамдарды электрошокер менен кыйнашты", - дейт кайрылгандардын бири.

Миграция маселелери боюнча жергиликтүү бөлүм билдиргендей, соңку рейд маалында каттоосу жок ондогон чет элдиктер кармалган.

Котельникидеги намаз окуучу жайга негизинен Борбор Азиядан барган мигранттар чогулат. Соңку айларда ал жакта бир нече жолу тинтүү болгон.

Котельникидеги мигранттарга каршы рейддер жергиликтүү тургундардын 24-майда орус президентине кайрылуусунан кийин башталган. Алар көп кабаттуу үйдөгү батирлердин бириндеги мечит документтерде маданий борбор катары катталганын, бирок ал жакта намаз окулуп, көп адам чогулуп жатканын айтышкан.

Андан тышкары жергиликтүү тургундар аймак "тажик анклавына" айланганын, ал жактагы калктын 80% мигранттар түзөрүн белгилешкен.

Жергиликтүү жашоочулардын кайрылуусунан кийинки эле түнү Котельникиде 100дөй тажик мигранты кармалып, намаз окуучу жай бир нече күнгө жабылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG