Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:29

Никол Пашинян менен Илхам Алиев Брюсселде жолугушат


Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян. 1-июль, 2023-жыл.
Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян. 1-июль, 2023-жыл.

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян 15-июлда Брюсселде Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугарын ырастады. Жолугушууга Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель да катышары маалым болду.

"Мен жолугушууга катышарымды бышыктадым. Тынчтык макулдашуусу боюнча сүйлөшүүлөрдө жылыш болот деген үмүттөмүн", - деди Пашинян 13-июлдагы өкмөттүн жыйынында.

Соңку бир айдан бери Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын Куралдуу күчтөрүн жана Тоолуу Карабактын жикчил армиясын ок атышууну токтотуу режимин бузганы үчүн айыптап келүүдө. Ал эми Ереван бул дооматтарды четке кагып, тескерисинче азери аскерлерин күнөөлөйт.

2020-жылдагы алты аптага созулган согушта Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону кабарланган.

Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган. Москванын арачылыгы менен жетишилген келишимге ылайык, аймакка Орусиянын тынчтык орнотуучу контингенти жайгаштырылган.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 22-майда Ереван өзүн-өзү “Тоолуу Карабак жумурияты” деп атаган аймакты Азербайжандын бир бөлүгү деп таанууга даяр экенин билдирген. Бирок бул үчүн Баку аймакта жашаган этникалык армяндардын коопсуздугун камсыздоого тийиш деген шарт койгон.

Эл аралык мыйзамдарда Тоолуу Карабак Азербайжандын аймагы болуп эсептелет. Ал жакта 100 миңдей этностук армян отурукташкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG