Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:03

Байден Европадагы беш күндүк сапарын Финляндияда жыйынтыктайт


АКШ президенти Жо Байден Хельсинкинин аэропортунда Air Force One учагынан чыгып баратат. Финляндия. 12-июль, 2023-жыл.
АКШ президенти Жо Байден Хельсинкинин аэропортунда Air Force One учагынан чыгып баратат. Финляндия. 12-июль, 2023-жыл.

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден Европадагы беш күндүк сапарын 13-июлда Финляндияда жыйынтыктайт. Жакында эле НАТОго кошулган өлкөнүн борбору Хельсинкиде кыска убакытка токтоо менен Байден Түндүк Атлантика аскердик альянсынын кеңейип жатканын дагы бир ирет көрсөтүүнү көздөйт.

Байден Финляндияга Вильнюста өткөн НАТОнун саммитинен кийин барды. Анын алкагында "Чоң жетиге" кирген мамлекеттер Украинанын коопсуздугуна кепилдик тууралуу декларацияга кол коюшту.

Украин президенти Владимир Зеленский саммиттин жыйынтыгын өз өлкөсү үчүн "коопсуздук жаатындагы маанилүү жеңиш" деп атап, ошентсе да Киев НАТОго кошулууга чакыруу албаганына нааразылыгын айтты.

Байден ошондой эле Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Финляндияда Байден президент Саули Ниинистё жана Швеция, Норвегия, Дания жана Исландиянын лидерлери менен жолугат.

Бул - Түндүк Европа өлкөлөрүнүн лидерлери менен АКШ президентинин үчүнчү жолугушуусу. Мындай форматтагы сүйлөшүүлөр 2013-жылы Стокгольмдо жана 2016-жылы Вашингтондо өткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG