Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:48

Баткен: Өзбекстандан мыйзамсыз кирген жети тонна насвай кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чек ара кызматы Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Бүргөндү айылында Өзбекстандан аткезчилик жол киргизилген жети тонна насвай кармалганын билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзамсыз жүк Өзбекстандын Чаң-Гара анклавы аркылуу киргени аныкталган. КамАЗ үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу кыргыз жараны болгон.

Аталган анклав аркылуу буга чейин дагы аткезчилик жол менен насвай ташылып келген фактылар аныкталган.

Насвай чегүү Борбор Азияда өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда да кеңири тараган. Ал түрдүү жугуштуу оорулардын тарашына себеп болуп жатканын дарыгерлер айтып келет.

Буга чейин активисттер Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна да кайрылып, насвайга лабораториялык анализ жүргүзүү маселесин көтөрүшкөн.

Насвай сатууга тыюу салуу маселесин буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары көтөргөн, бирок ишке ашкан эмес.

XS
SM
MD
LG