Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:26

Шайлоо жыйынтыгы: депутат Бакировдун арызын сот 26-июлда карайт


Өмүрбек Бакиров.
Өмүрбек Бакиров.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдун шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууга каршы аппеляциялык арызы 26-июлда Бишкек шаардык сотунда каралат.

Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы 13-июлда “Азаттыкка” билдирди.

7-июнда Бишкектин Административдик соту Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Борбордук шайлоо комиссиясынын аталган округда шайлоо өткөнү тууралуу жана Бакировду депутат катары тааныган чечимдери дагы жокко чыгарылган.

2021-жылы 28-ноябрда өткөн аралаш системадагы шайлоодо Өмүрбек Бакиров парламентке депутат болуп шайланган. Саясий жарышка жалпы жети талапкер катышкан.

Талапкерлердин бири, экс-депутат Равшанбек Рысбаев 2022-жылдын декабрында сотко кайрылып, Бакиров шайлоодо добуш сатып алды деген жүйө менен анын мандатын жокко чыгарууну суранган.

Өмүрбек Бакиров былтыр декабрда “Азаттыкка” берген комментарийинде соттун Рысбаевдин арызын кароону канааттандырып койгонун "мыйзамсыз" деп сыпаттаган.

Муну Кемпир-Абад маселеси боюнча мыйзам долбооруна каршы добуш бергени менен байланыштырган.

2022-жылдын 17-ноябрында парламенттин жалпы отурумунда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан учурда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бакиров кайым айтыша кеткен.

Бир нече күндөн кийин Бакировду парламенттин имаратынын 7-кабатындагы иш бөлмөсүнөн чыгарышып, бул маселени иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.

Ал аталган мыйзам долбооруна каршы добуш берген 19 депутаттын катарында болгон.

XS
SM
MD
LG