Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:24

"Бүтүн Кыргызстандын" УКМК кармаган эки мүчөсүнүн бөгөт чарасы аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери кармап кеткен эки мүчөсүнүн бөгөт чарасы аныкталып, алар үч аптага камакка алынды. Бул тууралуу 13-июлда “Азаттыкка” Бишкектин Октябрь райондук сотунан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, алардын бөгөт чарасы 7-июлда каралды. Тергөөчүнүн өтүнүчү жарым-жартылай канааттандырылды жана аларды атайын кызматтын тергөө абагында 27-июлга чейин кармоо чечими чыгарылды.

6-июлда атайын кызмат “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын он мүчөсүнүн үйүн тинтип, экөөнү убактылуу кармоочу жайга киргизген. Алар Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандыкка чакыруу” беренеси менен айыпталып жатканы маалым болгон.

Партиянын лидери, депутат Адахан Мадумаров бул окуяны саясий куугунтук катары баалай турганын айткан.

Ага чейин Мадумаровдун өзүнө да кылмыш иши козголуп, Жогорку Кеңеш аны жоопко тартууга уруксат берген. (TAb)

XS
SM
MD
LG