Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:07

Маянасын ала албай жаткан түркиялыктардын ишин милиция териштире баштады


Президентке жардам сурап кайрылган түркиялыктар. Бишкек шаары. 11-июль, 2023-жыл
Президентке жардам сурап кайрылган түркиялыктар. Бишкек шаары. 11-июль, 2023-жыл

Балыкчыда иштеп, айлыгын ала албай жатканын айтып чыккан 20дай түрк жумушчуларынын иши кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирилип жатат.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Айбарчын Батырбекова 13-июлда билдирди.

Буга чейин Балыкчыда туннел калыптарын жасаган түркиялыктар акыркы төрт айдан бери эмгек акысын ала албай жатканын билдиришкен. Кыргызстанга Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Жакыпов жана котормочу Чыңгыз Эрмеков аркылуу келгенин айтышкан, президент Садыр Жапаровдон жардам сурашкан. Акчасыз калганын, Бишкектин ар кайсы жеринде башкалкалап жүргөнүн белгилешкен.

Кайрылууда аты аталган Чыңгыз Эрмеков айлыкты түрк жумушчуларынын башында турган Жүнейт Бояр деген кишиге толук бергенин "Азаттыкка" маалымдады. Жүнейт Бояр Эрмековдун сөзүн төгүндөдү.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана Туркиянын Бишкектеги элчилиги комментарий бере элек. (MKt)

XS
SM
MD
LG