Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:10

Салмак-габаритти көзөмөлдөө бекеттери текшерилип жатат


Ушул жылдын апрель айында транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев мындай бекеттерди күтүүсүз текшерген.
Ушул жылдын апрель айында транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев мындай бекеттерди күтүүсүз текшерген.

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев 13-июлда Чүйдөгү “Маловодное” салмак-габаритти көзөмөлдөө бекетин күтүүсүз текшерди. Мекеменин басма сөз кызматынын билдиришинче, анда мындай жайлардагы коррупциялык схемаларды жоюу, көзөмөлдү күчөтүү жана санариптештирүү жараяны мындан ары дагы уланарын айтты.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө Бариев күн ысыкта жолго чыгып, токтотулган оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларынын арыз-муңун укту. Ал бул чаралар жолдордун талкаланышын алдын алуу максатында киргизилгенин билдирип, эгер кандайдыр бир мыйзам бузууларга күбө боло турган болсо, жеке билдирип коюу үчүн уюлдук номурун калтырды", - деп жазылган маалыматта.

Ушул жылдын апрель айында транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев мындай бекеттерди күтүүсүз текшергенин, бир күндө эле 546 миң сомдон ашык айып пул салынганын билдирген.

Кыргызстанда кан жолдордо жалпысынан 20дан ашык салмак-габаритти көзөмөлдөө бекети бар.

Буга чейин быйылкы жылдан тартып өлкөдо оор жүк ташуучу машиналарды көзөмөлдөө иши башынан аягына чейин автоматташтырылып, адамдык факторду толугу менен жоюу пландалып жатканы айтылган. Мындай бекеттердин кызматкерлери коррупцияга шек саналып кармалган учурлар болгон.

Кыргызстанда Кытайдан оор жүк ташыган машиналар жолдорду бузуп жатканы, буга алар ашыкча жүк жүктөп, нормаларды сактабай иштеп жүрүшкөнү, көзөмөлдөөчү кызматкерлер көз жууп, жемкорлук орногону айтылып келет.

Аталган министрлик Кыргызстанда 1-июндан 1-сентябрга чейин жүк ташыган машиналарга күн ысыкта жолго чыгуусуна чектөө киргизген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG