Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:10

Акылбек Жапаров БУУнун өкүлү менен жашыл экономикага инвестиция тартууну сүйлөштү


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберленди анын өлкөдөгү миссиясы аяктаганына байланыштуу кабыл алды.

Жолугушууда тараптар туруктуу өнүгүү, каржы, инвестиция, экология жана "жашыл" экономика чөйрөсүндөгү эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Луиза Чемберлен Кыргызстандагы өзгөчө көңүл бурулуп жаткан багыттарга токтолуп, өнүктүрүүнү каржылоо стратегиясын жана Баткен облусун өнүктүрүү программасын белгиледи.

Ал аталган программа климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө ири инвестицияларды каржылоону мобилизациялоого көмөктөшүүгө даяр экенин белгилеп, өнүгүүнүн негизги көрсөткүчү - жакырчылыкты кыскартуу экенин айтты.

Жапаров мамлекеттик саясаттын багыты адамдык капиталды өнүктүрүүгө, өзгөчө калктын аялуу катмарын коргоого бурулуп жатканын белгилеген.

"Үстүбүздөгү жылдын башында өнөктөш өлкөлөр жана эл аралык уюмдарга Кыргызстандын тышкы карызын дүйнөдөгү экологиялык абалды жакшыртуу үчүн "жашыл" долбоорлорго алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталган. Климаттын өзгөрүшүнө каршы натыйжалуу күрөшүү жана "көмүртек нейтралдуулугуна" (көмүр кычкыл газынын абага бөлүнүп чыгышын азайтуу - ред.) жетишүү үчүн бизге жашыл экономикага көбүрөөк инвестиция керек", - деди Министрлер кабинетинин төрагасы.

Жолугушуу соңунда Кыргызстан менен БУУнун Өнүктүрүү программасынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, СOVID-19 инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөткөнү үчүн Луиз Чемберленге Министрлер кабинетинин Ардак грамотасы тапшырылды.

Акылбек Жапаров апрель айында Вашингтондо Дүйнөлүк банктын өкүлү Мамта Муртиге жолукканда ушул маселеге токтолгон. Анда Кыргызстандын тышкы карызын жашыл жана климаттык демилгелерге айландыруу механизмдерин иштеп чыгууну карап көрүүнү сунуштаган.

Луиза Чемберлен БУУнун Өнүктүрүү программасына (ПРООН) 1999-жылы кошулган. Кыргызстандагы ПРООНдун туруктуу өкүлү кызматына 2019-жылдын май айында киришкен. Ага чейин Чемберлен Эфиопияда, Вьетнамда, Танзания жана башка өлкөлөрдө иштеген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG