Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:37

Түштүк Корея Украинага гуманитардык жардамын көбөйтөт


Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл жана Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл жана Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Түштүк Корея Украинага гуманитардык жардамдын көлөмүн көбөйтүп, быйыл анын суммасын 150 миллион долларга жеткирет. Бул тууралуу Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл Украинанын президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүүдөн кийинки брифингде билдирди.

"Өткөн жылы биз ок өтпөс жилет, каска жана башка керектүү амуниция бердик. Быйыл жардамдын көлөмү бир топ жогору болот деп ишенебиз", - деди Юн Сок Ёл. Ал белгилегендей, Түштүк Корея былтыр Украинага 100 миллион доллар бөлгөн.

Мындан сырткары Түштүк Корея Украинага билим берүү системасын калыбына келтирүүдө жардамды көбөйтүүнү пландоодо.

"Өткөн жылы биз талкаланган мектептерди калыбына келтирүүгө жардам берүүнү чечкенбиз. Ошондой эле эки президенттин стипендиясы аркылуу Украинанын келечек муундарына колдоо көрсөтүүнү каалайбыз", - деди Юн Сок Ёл.

Владимир Зеленский бул Түштүк Корея лидеринин Украинага жасаган биринчи сапары экенин белгиледи. Сапар алкагында Юн Сок Ёл жана жубайы Украинанын башкы прокурору менен бирге Киев облусунун Буча жана Ирпен шаарларында болушту. Бул шаарларда орус армиясы чыгарылгандан кийин карапайым калкты кырган учурлар аныкталып, андан кийин Орусия согуш кылмыштары үчүн айыпталган. Москва айыптоолорду четке кагууда.

"Кореянын президенти Буча жана Ирпенде болду жана орус оккупациясынын кесепеттерин өз көзү менен көрдү. Бул шаарлар орус террорунун чабуулуна дуушар болгон миңдеген шаарлардын экөө гана. Орусия алып келген азап менен кыйроолордун масштабы өтө чоң. Ошого жараша коопсуздукту, стабилдүү тынчтыкты кайтаруу жана аны кепилдөө үчүн глобалдык кызматташуу дагы масштабдуу болушу керек", - деп жазган Зеленский.

Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл Польшадан кийин 15-июлда Украинага барган. Бул - Түштүк Кореянын президентинин былтыр шайлоодо жеңип чыккандан берки биринчи чет элдик сапары. Сапар тууралуу алдын ала кабарланган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG