Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:21

Украина 50дөн ашык орусиялык жаранды согуш кылмышкери деп тапты


Харьков облусундагы Каменка айылы. 26-февраль, 2023-жыл
Харьков облусундагы Каменка айылы. 26-февраль, 2023-жыл

Украинанын соту орусиялык 50дөн ашуун кишини согуш кылмышкери деп тапты. Бул тууралуу 16-июлдагы түз эфирде Украинанын башкы прокурору Андрей Костин билдирди. Мындан тышкары дагы 219 кишинин тергөөсү аяктап, иштери сотторго өттү.

Костиндин айтымында, шектүү катары өтүп жаткан 368 орусиялык аскердин тек-жайы аныкталды. Прокурор 50 өкүм деген аз угулганы менен, эл аралык өнөктөштөр Киев уруш маалында кылмыштарды каттап, териштирип жана сотторго өткөрүп жатканына таң калганын кошумчалады.

"Өкүмдөрдүн көбү сыртынан чыгарылып жатканы менен жапа чеккендерге агрессордун күнөөсү далилденгенин билүү маанилүү", - деди Костин.

Башкы прокурордун кеңсеси тараткан маалыматка караганда, 15-июлга карай Украинада 95 миңден ашуун согуш кылмышы катталган.

Орусия аскерлери кошуна өлкөнүн тынч тургундарына каршы кылмыш кылганын танып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG