Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:30

Иранда адеп-ахлак полициясынын күзөтү кайра жанданды


Иранда жижабы жок же аны туура эмес кийгендерге айып салынат же камалат.
Иранда жижабы жок же аны туура эмес кийгендерге айып салынат же камалат.

Иранда 16-июлдан тарта көчөлөрдө адеп-ахлак полициясынын күзөтү кайра жанданды. Полиция бул чечим аялдардын хижаб кийүү эрежеси тууралуу мыйзамды аткаруу үчүн кабыл алынганын билдирди. Мунун алдында социалдык тармактарда бир катар шаарларда хижаб кийүүнү тескеген күзөт башталганы тууралуу маалымат чыккан.

"Азаттыктын" иран кызматы "Фарда" жергиликтүү басылмаларга шилтеме кылып актер Мохаммад Садеги адеп-ахлак полициясы кармаган аялга байланыштуу сын айтканы үчүн камалганын жазды. Тегеран мэриясы менен байланышы бар гезиттердин бири болсо актер күч органдарына каршы курал колдонууга чакырганына байланыштуу камалганын билдирди.

Иранда адеп-ахлак полициясы 2022-жылы сентябрда Махса Амини аттуу 22 жаштагы студент кыздын өлүмүнөн улам тутанган калайман нааразыктарга байланыштуу убактылуу токтотулган. Амини хижаб кийүү эрежесин бузган деп айып менен камалып, жабык жайда көз жумган. Митингдер 1979-жылкы революциядан бери бийликке туулган эң чоң коркунуч катары мүнөздөлгөн.

Эл аралык уюмдардын эсебинде, демонстрациялар күч менен басылганда 500гө жакын адам набыт болгон. 60тан ашуун коопсуздук кызматкери каза тапкан.

Нааразылыкка чыккан миңдеген активист камакка алынып, айрымдары өлүм жазасына тартылган.

Укук коргоочулар менен көптөгөн Батыш өлкөлөрү айыпталгандарга каршы сот жараяндарын "жасалма" деп аташкан жана чечимдер жабык чыгарыларын сындашкан.

Ислам жумуриятында 1979-жылкы революциядан кийин тогуз жаштан ашкан кыздар жана аялдар коомдук жайларда башын жапкан кийим кийүүгө милдеттүү деген мыйзам кабыл алынган. Хижабы жок же аны туура эмес кийгендерге айып салынат же камалат. Көчөдө башын толук жаппаган аялдарга кол салган учурлар дагы катталган.

XS
SM
MD
LG