Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:33

Түркстанда беш жашар кыздын өлүмүнө шектүү эки айга камалды


Жибек Жолу айылынан тартылган сүрөт.
Жибек Жолу айылынан тартылган сүрөт.

Казакстандын Түркстан облусунда беш жашар кыздын өлүмүнө шек саналып кармалган 48 жаштагы тургун эки айга камакка алынды. Ага "адам өлтүрүү" жана "сексуалдык зомбулук көрсөтүү" беренелери менен айып тагылганын облустук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн баштапкы маалыматында шектүү ошол күнү мас абалында болгону айтылууда. Ал көчөдө ойноп жүргөн баланы “ырдап берем” деп азгырып, үйүнүн короосуна киргизгени белгиленген. Кыз бычакталып өлтүрүлгөн.

Окуя 13-июлда Казакстандын Түркстан облусундагы Жибек Жолу айылында болгон. Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн наристенин сөөгү коңшусунун үйүнөн табылган.

Кыздын өлүмүнөн кийин айыл эли дүрбөлөң түшүп, кыштакка полиция келген жана интернет өчүрүлгөн. Жергиликтүүлөр мурда соттолуп чыккан шектүүнү элдин колуна берүүнү талап кылышкан. Мындай окуялар укук коргоо органдарынын шалаакылыгынан болуп жатканын айтышкан.

Интернет 15-июлда калыбына келтирилип, полициячылар айылдан 16-июлда чыгып кетишкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG