Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Орусияда Су-25 аскердик учагы кулады


Су-25, иллюстрация
Су-25, иллюстрация

Орусиянын Су-25 аскердик учагы Краснодар аймагындагы Ейск шаарына жакын жерде Азов деңизине кулап түштү. Бул тууралуу облустук ыкчам штаб 17-июлда билдирди.

Учкуч катапульта жасап жанын сактап калууга аракет кылганы, аны оор абалда куткаруучулар тапканы кабарланууда. Ошол эле учурда 112 каналы учкуч каза тапканын жазды. Бирок расмий маалымат берилген жок.

Түштүк аскердик округу кырсык деп сыпаттаган бул окуяга учактын кыймылдаткычы иштебей калганы себеп болгонун билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG