Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

Диплом чыры: Исмаилов менен Алимжановдун доо арызы сотто каралууда


Фарходбек Алимжанов жана Фархат Исмаилов. Коллаж.
Фарходбек Алимжанов жана Фархат Исмаилов. Коллаж.

Депутаттык мандаты алынган Фархат Исмаиловдун Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча арызы Бишкек шаардык административдик сотунда 17-июлда каралып, алдын ала угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Соттун басма сөз катчысы Изати Шугуралиева 18-июлда билдирди.

Маалыматка караганда, соттук отурум 3-августка белгиленген. Ал эми Фарходбек Алимжановдун доо арызы бүгүн, 18-июлда каралат.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов (“Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясы) менен Фарходбек Алимжановду ("Альянс") 6-июлда мандатынан ажыраткан. Алар БШК чечими боюнча сотко арызданган.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги дипломдору жасалма деп шек саналган депутаттар тууралуу материалдарды Боршайкомго жөнөткөнү маалым болгон.

Былтыр апрель айында Улуттук коопсуздук комитети Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун жогорку билими тууралуу документтери жасалма болуп чыкканы тууралуу БШКга маалымат берилгенин билдирген. Боршайком атайын кызмат жөнөткөн материалдарды тиешелүү мекеме-органдар менен чогуу карап чыккандан кийин мыйзамга жараша чечим кабыл алынарын кабарлаган.

Парламенттин сайтындагы маалыматка ылайык, Исмаилов Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетти жана Юридикалык академияны аяктаган. Ал эми Алимжанов болсо жогорку билимди алгач Ош мамлекеттик университетинде, андан кийин президентке караштуу Башкаруу академиясында алган.

Экөө тең дипломдору жасалма деген маалыматты четке кагышып, мандатын коргоо үчүн мыйзамдуу кадамдарды жасай турганын билдиришкен. (MKt)

XS
SM
MD
LG