Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:37

ИИМ түрмөдөн ишкерди алдап кеткен соттолуучуга кылмыш ишин козгоду


Кыргызстандагы абактардын бири.
Кыргызстандагы абактардын бири.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) абакта отуруп алып ишкерди алдап кеткен жаранга байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Ага ылайык, ун сатуу менен алектенген Панфилов районун тургуну милицияга телефон шылуундарына чара көрүү тууралуу кайрылган. Териштирүүнүн жүрүшүндө аны Чүйдө күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында каракчылык үчүн соттолуп, жазасын өтөп жаткан А.А. атуу жаран алдап кеткени белгилүү болгон.

"Өткөн айда ишкерге “lalafo” мобилдик тиркемеси аркылуу белгисиз адам байланышып, ири өлчөмдө ун сатып аларын айткан. Ал тез эле ишкердин ишенимине кирип, 8 тонна унду машинага жүктөтүп, Токмок шаарындагы башка кампага жөнөтүүгө көндүргөн. Кийин ун башка жарандарга сатылып, ишкер 224 миң сомго алданган. Бул фактыга байланыштуу Токмок милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси “Алдамчылык” боюнча кылмыш ишин козгоду. козголду. Учурда кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат. Кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө",-деп жазылган маалыматта.

Кыргызстанда буга чейин дагы абакта жаткан айрым адамдар телефон аркылуу алдамчылыкка барган учурлар катталган. ИИМ мындан улам мындай көрүнүштөр көбөйгөнүн эскертип, жарандарды сак болууга чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG