Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:23

Керри: Вашингтон Бээжин менен алакалардын турукташуусуна кызыкдар


АКШнын климат боюнча атайын чабарманы Жон Керри жана Кытайдын жогору даражалуу дипломаты Ван И. Бээжин, 18-июль, 2023-жыл.
АКШнын климат боюнча атайын чабарманы Жон Керри жана Кытайдын жогору даражалуу дипломаты Ван И. Бээжин, 18-июль, 2023-жыл.

АКШнын климат маселелери боюнча атайын чабарманы Жон Керри 18-июлда жогорку даражалуу кытай дипломаты Ван И менен жолугушууда "президент Жо Байдендин администрациясы дүйнөнүн эки ири экономикасынын ортосундагы алакалардын турукташуусуна абдан кызыкдар экенин" билдирди.

Бээжиндеги сапарынын экинчи күнүндө Керри Коммунистик партиянын эл аралык алакалар бөлүмүнүн башчысы Ван И менен жолугуп, "Байден эки мамлекет дүйнөнү кыйла өзгөртө алган аракеттерге биргеликте жете аларына үмүттөнөрүн" кошумчалады.

Ван өз кезегинде "тараптар сүйлөшүүлөрдүн жетишпестигинен жабыр тартканын", бирок диалогду жаңылоо менен Кытай "кандай гана көйгөйдү болбосун чече аларыбызга ишенет" деп айтты.

Керри соңку жумаларда Бээжинге барган Байдендин администрациясындагы үчүнчү жогорку даражалуу аткаминер. Буга чейин мамлекеттик катчы Энтони Блинкен жана каржы министри Жанет Йеллен Кытайда болгон.

Эки державанын алакалары адам укуктары, Тайван маселеси, соода тарифтери, технологияларга болгон жеткиликтүүлүк суроолорунан улам соңку жылдары начарлап кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG