Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:47

Кыргызстан кийинки жылы 3,5 млрд кВт саат электр энергиясын импорттойт


Таалайбек Ибраев
Таалайбек Ибраев

Кыргызстан 2024-жылы 3,5 млрд кВт саат электр энергиясын сатып алат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев бүгүн, 21-июлда журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, импорт сентябрь айынан декабрга чейин жүргүзүлөт.

"Келерки жылы 1,7 -2 млрд кВт саат электр энергиясын Түркмөнстандан алабыз, 1,5 млрд кВт саат электр энергиясын Орусия жана Казакстандан импорттоого туура келет".

Министр Кыргызстан электр энергиясын экспорттоочу өлкөдөн импорттоочу өлкөгө айланып калганын, буга керектөөчүлөрдүн саны жыл сайын эселеп көбөйгөнү себеп болуп жатканын түшүндүрдү.

Таалайбек Ибраев жакынкы мезгилде электр энергиясын берүүдө чектөөлөр болбой турганын айтты.

Кыргызстанда 2022-жылы 13,85 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, 15,9 млрд кВт/саат керектелген. Дефицит импорт аркылуу жабылган. 2023-жылы керектөө 17 млрд кВт/саат болот деп эсептелип жатат.

Эң ири Токтогул суу сактагычында суу аз болуп жаткандыктан, электр кубатын өндүрүү быйыл 15 млрд кВт/саатка жетпей калышы мүмкүн деп болжолдонууда.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG