Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:15

Ташкент-Тамчы багытындагы аба каттамы иштей баштады


Ташкент-Тамчы каттамы менен Ысык-Көлгө келген жүргүнчүлөр. 21-июль, 2023
Ташкент-Тамчы каттамы менен Ысык-Көлгө келген жүргүнчүлөр. 21-июль, 2023

Ысык-Көлдүн Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна бүгүн, 21-июлда Ташкент-Тамчы багытындагы учак келип конду. Учакта 144 адам учуп келип, кайра 44 жүргүнчү учуп кеткен.

Өзбекстандын Centrum Air аба компаниясынын учагы аталган багыт боюнча аптасына бир жолу - жума күндөрү каттап турат.

Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

Ташкент-Тамчы аба каттамы бир нече жылдан бери жайкы эс алуу мезгилинде иштейт. Мындан сырткары жайында Өзбекстандан Ташкент-Балыкчы поезд каттамы иштеп келген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG