Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:30

ИИМ Кутманованын уулу уурдалганы тууралуу маалыматты четке какты 


Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын уулу Кемелбек Кутмановдун Стамбулда уурдалганы жөнүндө маалымат ырасталган жок. Бул жөнүндө ИИМдин басма сөз кызматы атайын маалымат таратты.

Мекеменин маалыматына ылайык, учурда аны депортациялоо маселеси каралып жатат.

Кутманова буга чейин уулун Түркиядан белгисиз бирөөлөр кармап кетип, “Кыргызстандагы айрым адамдардын буюртмасы менен” деп алгач 2 миллион доллар талап кылып, кийин 600 миң долларга түшүрүп кое беришкенин, аны ким уурдап, ким буюртма бергенин аныктоо өтүнүчү менен ИИМге да, УКМКга да кайрылып, бирок жооп албаганын билдирген.

20-июлда өкмөттүн жарым жылдык ишин жыйынтыктаган жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев "коррупцияга" аралашкан мамлекеттик кызматкерлер эртеби-кечпи жазасыз калбай турганын эскертип, мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованы мисал кылып, аны "Кумтөрдүн" акчасына байланыштуу айыптаган эле. Кийинчерээк Кутманова дарегине айтылган мындай айыптоолорду четке каккан болчу.

Министрликке 2021-жылы келген Кутманова кызматынан быйыл мартта күтүүсүз алынганда, бул үчүн өкмөт башчы Акылбек Жапаровду күнөөлөгөн эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG