Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:35

НАТО-Украина кеңешинде дан ташуу маселеси талкууланат


Орусия Украинага кол салгандан кийин анын Кара деңиздеги портторун флот аркылуу бөгөттөп, Киевдин дан азыктарын экспорттошуна мүмкүнчүлүк бербей койгон.
Орусия Украинага кол салгандан кийин анын Кара деңиздеги портторун флот аркылуу бөгөттөп, Киевдин дан азыктарын экспорттошуна мүмкүнчүлүк бербей койгон.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтонберг аталган альянс менен Украинанын кеңеши 26-июлда жыйынга чогулуп, Кара деңиз аркылуу дан ташуу маселесин талкуулай тургандыгын билдирди. Бул жөнүндө RTBF телеканалы НАТОнун расмий өкүлү Оана Лунгескуга шилтеме жасап билдирди. Анын айтымында, жолугушуу элчилер деңгээлинде өтөт жана "Украинадан дан азыктарын Кара деңиз аркылуу ташууга байланыштуу соңку жагдай" талкууланат.

Мунун алдында Украинанын президенти Владимир Зеленский Столтонберг менен телефондон сүйлөшкөнүн, чукул арада НАТО-Украина кеңешин чогултууну сунуштаганын билдирген. Бул түзүм ушул айдын башында, 12-июлда альянстын Брюсселдеги саммитинде негизделген.

Украина – дан азыктарын ири көлөмдө экспорттогон өлкө. 2022-жылдын февралында Орусия Украинага кол салгандан кийин анын Кара деңиздеги портторун флот аркылуу бөгөттөп, Киевдин дан азыктарын экспорттошуна мүмкүнчүлүк бербей койгон.

2022-жылы 22-июлда Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдө Украина, Орусия жана Түркия Бириккен Улуттар Уюмунун ортомчулугу менен дан экспортун кайра жандантуу боюнча келишкен эле. Украина Түркия жана БУУ менен өзүнчө келишимге кол койгон. Ал эми ушул келишимди Орусия тарап Түркия жана БУУ менен өзүнчө түзүп, милдеттенме алышкан.

БУУнун маалыматына караганда, ошондон бери Украинанын түштүк портторунан чыккан кемелер текшерүү үчүн Түркияга токтоп, миллиондогон тонна азык-түлүктү дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө ташып турган. Бирок дан келишими үч жолу узартылды. Соңку келишимдин мөөнөтү 17-июлда аяктап, Москва аны узартуудан баш тартты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG